Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 28-декабры № 57
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 41,6 га жер аянтына Туркия өлкөсүнүн Малатия шаарынындагы соода өнөр жай палатасы менен Баткен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык үлүштүк шартта, ипотекалык ыкма менен көп кабатуу турак-үй, соода борбору, социалдык обьектилерди куруу
долбооруна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пункутуна, Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2021-жылдын 17-декабрдагы №02-6/849 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин курууш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына 41,6 га жер аянтына Туркия өлкөсүнүн Малатия шаарынындагы соода өнөр жай палатасы менен Баткен шаарынын мэриясынын ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык үлүштүк шартта, ипотекалык ыкма менен көп кабатуу турак-үй, соода борбору, социалдык обьектилерди куруу долбооруна макулдук берилсин.
2.Ушул токтом шаар калкына шаардык “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы жана шаардык расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекетик катоого алынуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Шүкүров/ тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |