Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 28-декабры № 59
Баткен шаар мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пункутуна, Баткен шаар мэриясынын 2021-жылдын 10-декабрдагы №01-21/1400 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаар мэриясынын алдындагы чарбалык эсептеги “Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрсөткөн кызматтары үчүн төлөм акылары
№1,2, 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркемелер тиркелет)
2.Шаар мэриясынын алдындагы чарбалык ”Баткен-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнүн акысы шаар аймагына шаардык “Өрүк зар” газетасы, шаардын расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик каттоого алынуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация, транспорт жана көрктөндөрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Шүкүров/ тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |
Баткен шаардык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги
V сессиясынын
№59 токтомуна №1 тиркеме
БЕКИТЕМ МАКУЛДАШЫЛДЫ
Баткен шаардык Кеңешинин Баткен шаарынын мэри
төрагасы __________И.А.Бурканов ______________А.А.Аширов
«___»__________2021-ж «___»______________2021-ж
Баткен шаардык мэриясынын алдындагы «Баткен – Тазалык » МЧЭИнын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрүнүн
Бааларынын көрсөткүчү
№ | Кызматтардын аталышы | Бирдиктүү өлчөмү | Айына | Суммасы (Сом) |
1 | Калкка | 1 адамга | 1айга | 20сом |
2 | Бюджеттик мекемелерге | 1м2 (аянт) | 1айга | 22сом |
3 | Өндүрүштүк мекемелерге | 1м2 (имарат ) | 1айга | 19сом |
4 | Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга | 1м2(имарат) | 1айга | 10сом 37тыйын |
Жооптуу катчы | Ж.М.Алдашова |
Баткен шаардык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги
V сессиясынын
№59 токтомуна №2 тиркеме
Таштандыны чыгаруу наркы жана сатуу баасын эсептеп чыгуу
Калк үчүн:
Элден катуу таштандыларды чыгаруу кызматынын өздүк наркы 1 адамга Баткен шаарынын ичинде
Шаар ичинде катуу таштандыларды калк үчүн өздүк наркы 1 адамга 1 жылга - 1,1 м3 түзгөн.
Азыркы күндөгү тариф 1,1 м3 катуу таштандыларды чыгаруу үчүн:
1 250 000сом (2022 жылда түшө турган киреше) : 240 (20 сом х 12 айга) = 5 208 адам
5 208 адам х 1,1 м3 = 5 728,8 м3 (топтолгон мусор)
5 208 адам х 20 сом х 12 айга = 1 250 000 сом
Жооптуу катчы | Ж.М.Алдашова |
Баткен шаардык кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги
V сессиясынын
№59 токтомуна №3 тиркеме
Таштандынын туруш наркын жана сатуу баасын эсептеп чыгаруу
Коммерциялык түйүндөр үчүн:
Коммерциялык түйүндөрдөн катуу таштандыларды чыгаруу наркы 1 м2 шаар ичинде
Шаар ичинде катуу таштандыларды коммерциялык түйүндөр өздүк наркы 1м2 (имарат) 1 айга - 10 сом 37 тыйын түзгөн.
Азыркы күндөгү тариф катуу таштандыларды чыгаруу үчүн::
400 000сом (2022 жылда тушө турган киреше) : 124,44 (10 сом 37 тыйын х 12 айга) = 3 214,40 м2
3 214,40 м2 х 0,33 = 1 060,62 м3 (топтолгон мусор) (м2 = м3 айлантканда =1 060,62 м3)
3 214,40м2 х 124,44 сом (10,37 сом х 12 айга ) = 400 000 сом
Жооптуу катчы | Ж.М.Алдашова |