Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2021-жылдын 28-декабры № 61
2021-жылга бекитилген Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергилктүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункутуна жана Баткен шаардык кеңешинин финансы, экономика жана инвестиция маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын берген кортундусунун негизинде Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын “Нур - Баткен” футбол клубу чемпионатка катышуу үчүн катышуу акысына 245,0 миң сом акча каражаты, Баткен шаардык дене тарбия, спорт бөлүмүнө ММД 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан бөлүнүп берилсин.
2.Баткен шаарыдык маданият бөлүмүнүн 2021-жылдын чыгашалар бөлүмүнөн акы
алып кызмат көрсөтүү 2215 беренесинен 42,0 миң сом акча каражатын, сатып алуу 3112 беренесине жылдырып берилсин.
3.Баткен шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2021-жылга каралган бюджетинин чыгышы бөлүгүнүн 2211 сапар чыгымдары статьясынан 2215 иш чаралар статьясына 18 миң сом акча каражатын жылдырып берилсин.
4.Баткен шаардык Кеңешинин 2215 дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу
беренесинен 36.0 миң сом акча каражатын 3112 машина жана жабдуулар беренесине жылдырылып берилсин.
5.Баткен шаарынын мэриясынын чыгымдар сметасынын 311 “Негизги фонддор”
беренесинен 151 миң сомду кыскартып, төмөнкү статьяларга чегерилип берилсин: 2211 “Сапар чыгымдар” беренесине 60 миң сом, 2215 “Дагы башка кызмат көрөтүүнү алуу” беренесине 30 миң сом, 2231 “Коммуналдык кызматтар” беренесине 25 миң сом , 2222 “Чарбалык максаттар үчүн материалдарды алуу” беренесине 30 миң сом, 2214 “Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” беренесине 6 миң сом.
6.Баткен шаардык Кеңешинин 2021-жылга бекитилген чыгымдар статьясындагы
2212 Байланыш кызматы беренесинен 6300 сом кыскартып, 2121 соц төлөмдөр беренесине 2000 сом, 2215 дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесине 4300 сом жылдырылып берилсин.
7.Муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылга каралган 2215 Ар түрдүү
чыгымдар беренесинен 20 миң сом кыскартып, 2211 “Сапар чыгымдары” беренесине кошулуп берилсин..
8.Баткен шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2021-жылга
каралган 2111 эмгек акы статьясына 54691 сом ал эми 2121 соцфондго чегерүү статьясына 4066 сом кошумча жалпы суммасы 58757 сом акча каражаты, ММД 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан алынып берилсин.
9.Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Баткен Автобаза” муниципалдык ишканасы атайын эсебинен 50 миң сом акча каражаты, 2214 транспорттук чыгымдар статьясынан 2215 ар түрдүү чыгымдар статьясынан жылдырып берилсин.
10.Баткен шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмеси 2021-жылдын чыгымдар саметасына 50 миң сом кошуп, киреше бөлүгүнө теңдештирилип берилсин.
11.Баткен шаарынын ичиндеги жолбун иттерди атуу үчүн ММД 2021-жылга бекитилген сметасынын 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статясына 50 миң сом, ММД 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан жылдырылып берилсин.
12.Баткен шаардык маданият бөлүмүнүн 2021-жылдын чыгашалар бөлүмүнөн2121 “Социалдык төгүмдөр” статьясынан 2000 сом, 2111 “Эмгек акы “ статьясына жылдырылып берилсин
13. Ушул токтом шаар калкына “Өрүкзар” коомдук саясый газетасы жана шаардын расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
14.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
15.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаарык Кеңештин финансы, экономика жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Алиханов/ тапшырылсын.
Тѳрага | А.Аширов |