Редакцияот 02.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САМАРКАНДЕК АЙЫЛдык КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2021-жылдын 2-декабры № 51

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкерлерге ынгайлуу шарттарды түзүү, жумуш орундарын түзүү максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Ш Гапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкерлерге ынгайлуу шарттарды түзүү, жумуш орундарын түзүү, чек араны бекемдөө максатында Самаркандек айыл өкмөтүнүн №1999 контурундагы мамлекеттик менчиктеги 0,70 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берет.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага:

М. Тулаев