Редакцияот 26.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 4 сессиясы

 

2021-жылдын 26-июлу № 6

«Айдаркен шаарындагы  балдар бакчаларынын алдында түзүлгөн кезеке туруу жөнүндө»

 

       Айдаркен шаардык кеңешинин алдында түзүлгөн Социалдык маселелер жаштар,спорт, аялдар, маданият,билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен, Айдаркен шаардык кеңешинин сессиясы протоколдун негизинде

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

  1. Айдаркен шаарындагы балдар бакчаларынын алдында түзүлгөн, балдар бакчаларынын  тизмесин шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын сунушу менен шаардык мэрияга өткөрүлүп берилсин.
  2. Айдаркен шаардык мэриясы тарабынан балдар бакчаларынын электрондук кезекти түзүү жагы уюштурулсун.
  3. Балдар бакчалары боюнча тиешелүү документтерди өткөрүп берүү жагы Балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн.
  4. Токтомду аткарылышы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Н.М. Касымов