Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2021-жылдын 11-ноябры № 26
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетиндеги 654708 сом акчаны бөлүштүрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 654 708 (алты жүз элүү төрт миң жети жүз сегиз) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнсүн:
- 2215 статьясынан ПСД даярдоого 200 000 (эки жүз миң) сом;
- 2215 статьясынан “Ардактуу атуул” наамын ыйгарууга кеткен каражат үчүн - 96 000 (токсон алты миң) сом;
- 2215 статьясынан “Металлург” футбол командасына– 150 000 (бир жүз элүү миң) сом;
- 3112-статьясынан 208 708 (эки жүз сегиз миң жети жүз сегиз) сом (анын ичинен Кара-Жантак участкасына 15 даана электр мамычаларына 145 708 сом, шаардын аймагындагы 14 аялдамага атайын белгилерди коюп чыгуу үчүн 63 000 сом).
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Абдыразаков |