Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы
2021-жылдын 11-ноябры № 27
Кадамжай шаарынын айланпасына фонтан куруу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2021-жылдын 28-октябрындагы 1-316 номери менен чыгышталган кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын борбордук айланпасына заманбап фонтан куруу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 1 745 292 (бир миллион жети жүз кырк беш миң эки жүз токсон эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдыразаков |