Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 28
2021-жылдын 9 айында Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө шаардын мэри Б.Бегалиевдин отчету
2021-жылдын 9 айына салыктар боюнча бекитилген план 35 097,9 миң сом, ал эми берилген план 38 942,5 миң сом болсо, аткарылганы 42 931,7 миң сомду түзүп же болбосо 3989,2 миң сомго көп аткарылган, 110,2 %ды түздү. Бекитилген план тапшырмага жана берилген план тапшырмага салыштырмалуу 3844,6 миң сом ашыгы менен аткарылды.
Подоходный налог боюнча бекитилген план 22 199,3 миң сом, ал эми берилген план тапшырма 25 699,3 миң сом, же болбосо 2929,9 миң сом көп аткарылып, 110 % түздү.
Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык 141,3 %. Милдеттүү патенттин негизинде салык 124,9 %, ыктыярдуу петенттин негизинде салык 114,1 %, транспорттук салык жеке жактарга 96,4 %, короо жанындагы жана дачалык, жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы 145,2 %, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы 194,5 %, жайыт ижарасы үчүн салык 112,3 %, ФПС жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы 107,1%, таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым 195,6 % түздү.
Ошону менен бирге калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 69,4 % аткарылган.
Кадамжай шаарындагы эт комбинат, автогараж, бойлерная өз убагында салыктарды төлөгөн эмес.
КРнын “Жергиликтүү үз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31, 44-беренесине негиз Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын мэринин 2021-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин:
- Бюджеттин кээ бир аткарылбай калган параметирлерин аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жагы;
- Жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып, түрткү берүүчү гранттарды жана инвестицияларды тартууну активдештирүү жагы;
- Шаардын тазалыгын сактап, тургундарды, чарбалык субьектерди суу, электр энергиясы жана жылуулук менен айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы;
- Шаардын тургундарынын арасында, жаштардын арасында спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, машыгууга тийиштүү шарттарды түзүп, ар түрдүү мелдештерди уюштуруу боюнча иш чаралар өткөрүү жагы;
- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун толтуруу жана өз убагында аларга жөлөк пулдарын чегерүүдө, сүйүнчүлөрдү берүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаардын калкын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча иш чараларды жүргүзүү жагы;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдыразаков |