Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 30
Кадамжай шаарынын Чал-Таш, Таш-Кыя айылдарына өзгөчө чекара айылдары статусун алуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча жана Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун жана шаардык мэриянын 2021-жылдын 21-декабрындагы 1-316 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап чыгып, шаардын аймагындагы Чал-Таш жана Таш-Кыя айылдары Өзбек Республикасы менен 17 км чектешип турганын белгилеп, КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Чал-Таш жана Таш-Кыя айылдарына “өзгөчө чекара айылдары” макамын алууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кадамжай шаардык мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча жана Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
А. Абдыразаков |