Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХI сессиясы

 

2021-жылдын 29-декабры № 11/3

Айыл аймагындагы жер салыгы боюнча жеңилдиктерден пайдалануучу  атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

Токтом кылат:

  1. Салык төлөмдөрдүн жеңилдиктерден пайдалануу боюнча 344-беренесинин негизинде Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Кара-Шоро айылынын тургундары физикалык(тамарка), юридикалык(улуш) айыл чарбасына жараксыз жер салыгынан жер патент төлөмдөрүнөн бошотулсун.
  2. Салык төлөмдөрдүн жеңилдиктерден пайдалануу боюнча 344-беренесинин негизинде Көтөрмө айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучулары, Чернобль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
  3. Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Тамаша, Көтөрмө айылдарынын жашоочулары физикалык жер салыгынан 50% пайызга бошотулсун.
  4. Тамарка салыгы коэффиценти (К,з) 1,0 эсебинде калтырылсын
  5. Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы коэффиценти (Кз) 1,2 эсебинде калтырылсын.
  6. Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.
  7.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ нүн башчысы А.Тажибаевагв, киреше бөлүмүнүн башчысы М. Султановго жүктөлсүн

 

Көтөрмө айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Бактыбаев