Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХI сессиясы
2021-жылдын 29-декабры № 11/4
Жайыт комитетинин 2021-жылга жылдык отчетун угуу жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Н. Мамаюсуповдун 2021-жылдын жыйынтыгы бонча берген отчету толук кандуу болбогондуктан, канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Н. Мамаюсуповга Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги сессиясына 2021-жылдын отчетун тактап, толуктап келүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Бактыбаев |