Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 50
Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы Улак жай участкасына мектеп курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы Улак жай участкасына мектеп курууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Россия Федерациясынын каржылоосу менен “школа будущего” долбоорунун алкагында Кызыл-Бел айылынын түндүк-батыш тарабындагы Улак жай участкасына мектеп курууга макулдук берилсин.
2. Тешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|