КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 52
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы № 145 "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, жарандардын турак-жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн жер аянтын которуу(трансформациялоо) максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы №47-49-50-51-119-120-124-125-126-128-129-130-132-133-144-155-156-157-158 -159-160-161-164-контурларда 74,0 га таштуу жайыт жер, №46-47-49-50 51-52-53-54-55-76-119-120-122-124-125-126-127-128-129-130-131-132-133-156 -157-158-159-160-161-164-170-173-контурлардагы 60,60 га таштуу жайыт жер, №191-контурдагы 17,13 га таштуу жайыт жер, №196-контурда 0,67 га таштуу жайыт жер жана №152-154-контурларда жайгашкан 12,6 га мелиоративдик курулуш астындагы жер, жалпы 165,0 га жер аянтын жеке менчик турак-жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|