Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2021-жылдын 16-декабры № 53

Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мурдагы мечиттин жайын турак-жай багытына өзгөртүү  үчүн  Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова