Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 56
Айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Актив Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунунун №6914 СР лицензиясынын негизинде, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 3” участкасынан 17,09 га жер аянтына көмүр корун изилдөөгө уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. “Актив Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна №6914 СР лицензиясынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 3” участкасынан 17,09 га жер аянтына көмүр корун изилдөөгө уруксат берилсин.
2.“ Актив Майнинг ” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|