Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 58
Айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунунун №6912 СР лицензиясынын негизинде, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 2” участкасынан 71,6 га жер аянтына көмүр корун изилдөөгө уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомуна №6912 СР лицензиясынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан-2” участкасынан 71,6 га жер аянтына көмүр корун изилдөөгө уруксат берилсин.
2. “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|