Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
2022-жылдын 19-январы № 47
Баткен токой чарбасынын катын кароо
Баткен райондук токой чарбасынын 2022-жылдын 13-январында жазган №13 кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Баткен токой чарбасына убактылуу бөлүнгөн 40 га жайыт жеринин көп жылдык өсүмдүктөр жерине(алма бак) айландыруу категориясын трансформациялап берүүгө уруксат берилген жок.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Шакиров |