КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
2022-жылдын 19-январы № 49
Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө.(кайрак жерлерин тактоо)
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын тургундарынан 2021-жылдын 14-июлундагы түшкөн арызын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Бужум айылынын жашоочуларынын 1996-жылы бөлүнүп берилген кайрак үлүш жерлерин ар бир жаранга тез аранын ичинде тактап,бөлүп берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Байзаковго милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага |
К. Шакиров |