Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

 

2022-жылдын 19-январы № 51

Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

 

     Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн  иш планын карап чыгып,айылдык кеңештин төрагасы К.Шакировдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

Токтом кылат:

1.    Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн  иш планы бекитилсин.

2.    Кара-Булак айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары иш планда көрсөтүлгөн тапшырмаларды өз убагында аткарууга алып,маалымат берип турушсун.

3.    Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн жылдык иш планын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Касымов Сулайманга тапшырылсын.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К. Шакиров