КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
2022-жылдын 19-январы № 52
Кара-Булак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы VII чакырылыштын кезектеги II сессиясынын № 7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айылдык кенешинин Типтүү регламентине жана айылдык кеңештин 2021-жылдын 21-майындагы № 7 токтомунун негизинде Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Булак айылдык кеңешинде түзүлгөн бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Шакиров айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланганына байланыштуу, туруктуу комиссиянын курамына Дарыйка Калыкова мүчө болуп кабыл алынсын.
2. Бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо отурумда каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары С.Касымовго тапшырылсын.
Төрага | К. Шакиров |