Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 1
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн"Развилка" участкасына стационардык пост куруу жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевдин сунушун угуп,Чоң-Тала айылына караштуу “Развилка” участкасынан 2,0 га жер аянтын стационардык пост куруу үчүнбөлүп берүүжөнүндө талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылына караштуу “Развилка” участкасынан стационардык пост куруу үчүн 2,0 га жер аянты муниципалдык менчикке кабыл алуугамакулдук берилсин.
2. Төрт-Гүл айылөкмөтүнүн Чоң-Талаа айылына караштуу “Развилка” участкасынан Ош-Баткен-Исфана авто жолунун боюнан Баткен ОИИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоого 2,0 га жер аянты убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н. Артыков |