ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 4
Ак-Көл насостук станциясынан Чоң-Кара айылына келүүчү каналын Капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Ак-Көл насостук станциясынан Чоң-Кара айылына келүүчү каналдын эскилиги жетип, ар кайсы жеринен бузулуп суу жоготуу көп болуп жаткандыктан каналды ремонттоо үчүн депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
Токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Көл насостук станциясынан Чон-Кара айылына чейинки каналды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2 (эки) тонна дизельдик күйүүчү майы жана 20 (жыйырма) тонна цемент жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылап берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы С.Эркебаевге жүктөлсүн.
Төрага |
Н. Артыков |