Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 7-сессиясы
2021–жылдын 22–декабры № 7/15
Кызыл–Кыя шаарынын прокуратурасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №11/1782-21 «СУНУШТАМА ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө» сунуштамасы тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №11/1782-21 “Сунуштама ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө” сунуштамасында көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу жана аларды мындан ары болтурбоо максатында, шаардык кеӊештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 07-декабрындагы №7 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеӊеши
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №11/1782-21 “Сунуштама ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө” сунуштамасы эске алынсын жана Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамы шаардык кеӊештин депутаттары тарабынан аткарууга алынсын.
2. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017–жылдын 02–августундагы №164 Мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү боюнча шаардык кеӊештин депутаттары жана аппараты менен шаардын салык кызматынын кызматкерлерин чакырып окутууларды уюштуруу жагы шаардык кеӊештин аппаратынын жетекчиси Р.Абдукаюмовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Ж. Калматов |