Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 7 сессиясы
2021-жылдын 22- декабры № 7/18
Кызыл–Кыя шаарынын негизги көчөлөрүндө оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салуу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1998–жылдын 02–июнундагы №72 Мыйзамына негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин Ишкерлер, өнөр–жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021–жылдын 03–августундагы №4 протоколунун, 2021–жылдын 03–декабрындагы үч туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун протоколунун чечимдерин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2021–жылдын 05–июлундагы №0–8/903 кайрылуу катын, шаардык кеӊештин депутаттарынын, шаар жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1) шаардын И.Жусубалиев көчөсүнө;
2) шаардын А.Масалиев көчөсүнө;
3) шаардын А.Абжапаров (Восток) көчөсүнө;
4) шаардын Асаналиев көчөсүнө;
5) шаардын Кыргызстандын 60 жылдык көчөсүнө;
6) Караван айылынын М.Сартбаева көчөсүнө.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына токтомдун 1-пункту менен оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынган көчөлөрдүн тыюу салынуучу аралыктарын башталышы жана аякташы боюнча чек араларын аныктоо, тыюу салуучу жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя ШИИБү боюнча ЖКККБүнүн жетекчисине Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынган жолдордо оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө бөгөт коюу, көзөмөлдөө, эрежени бузган айдоочуларга мыйзамдарга негиз чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарындагы ишкерлердин ишкердик жүргүзүү чөйрөсүнө зыян келтирбөө максатында, оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынган көчөлөрдө оор жүк ташуучу автоунаалар менен алып келишкен товарларын түшүрүү иштерин кечки саат 1900 дөн эртеӊки саат 0700 гө чейин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
5. Кызыл–Кыя шаарынын калкынын, студенттердин жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында, Кызыл–Кыя шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын төмөнкү көчөлөрүнө транспорт каражаттарынын ылдамдыгын мажбурлап төмөндөтүү үчүн жасалма тегизсиздиктерди белгиленген стандарттарда, Кызыл–Кыя ШИИБү боюнча ЖКККБүнүн кызматкерлеринин корутундусуна ылайык көчөлөрдүн белгиленген жайларына орнотуу шаардын муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин:
1) шаардын Жамбул көчөсүнө;
2) шаардын Октябрская көчөсүнө;
3) шаардын Горький жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишине.
6. Кызыл–Кыя шаарынын калкынын, студенттердин жана окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында, шаардагы мектептердин жанындагы жолдорго “Окуучунун макетин” белгиленген стандартта даярдатууга буйрутма берүү, аларды орнотуу, алардын сакталышын какмсыз кылуу жагы шаардын муниципалдык менчик департаментине жана шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |