АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин кезексиз 2-сессиясынын (7-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 5-июлу № 2/4
Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү-Токой участкасына 26,0 га, жер аянтына жаңыдан кошумча даярдалган генпланды бекитүү жөнүндө
“Ош долбоор курулуш” ЖЧК тарабынан Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү-Токой участкасындагы 26,0 га, жер аянтына жаңыдан даярдалган генпланды карап чыгып жана талкуулап Алайку айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Ош долбоор курулуш” ЖЧК тарабынан Алайку айыл өкмөтүнө караштуу Бөрү-Токой участкасындагы 26,0 га, жер аянтына жаңыдан даярдалган генплан бекитилсин.
2. Бул генплан боюнча участкаларды бөлүштүрүү жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык ушул бекитилген генпландын негизинде жүргүзулсүн.
3. Бул бекитилген генпланга өзөртүү киргизүү же кошумча планды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын шаар куруу законунун негизинде, генпландын авторунун макулдугу менен гана жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алайку айылдык кенешинин турукту комитетине жана айыл өкмөтүн жер адисине тапшырылсын.
Алайку айылдык кеӊешининин төрагасы: |
Таалайбек уулу Камбар |