Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алайку айылдык кеңешинин кезексиз 2-сессиясынын (7-чакырылыш) жыйналышынын

 

2021-жылдын 5-июлу № 2/5

Алайку айыл өкмөтүндөгү арабтар тарабынан жаңы курулган медицина борборуна ат коюу жөнүндө

Алайку айылдык кеңешинин депутаттары жалпы элдик жыйындын токтомун угуп жогорудагы маселени талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алайку айыл Өкмөтүнүн Көк-Арт айылынын жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.

2. Алайку айыл Өкмөтүнүн Көк-Арт айылыдагы жаңы курулган медицина борборуна Жолдошов Жакыптын аты коюлсун.

3. Алайку айыл Өкмөтүндөгү Көк-Арт айылындагы жаңы курулган медицина борбору “Жолдошов Жакып атындагы медицина борбору” деп аталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Алайку айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Таалайбек уулу Асанбеке тапшырылсын.

 

Алайку айылдык

кеӊешининин төрагасы:

 

 

Таалайбек уулу Камбар