ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 16-ноябры № 25
Элди таза суу менен камсыздоодо тартиптик чараларды киргизүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Элди таза суу менен камсыздоодо тартип маселесин киргизүү жөнүндөгү Таза суу жетекчиси Малабаев Абдалимдин сунуш катын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1.Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн. Бардык суу пайдалануучулар суу эсептегичин орнотсун. 1-декабрга чейин суу эсептегичин койбогондордун суу түтүкчөлөрү кыркылсын.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Таза суунун жетекчиси А.Малабевке милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Социалдык маселелер,гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Абакирова Зулпияга жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев. |