Редакцияот 01.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезексиз VIII -сессиясы

 

2022-жылдын 1-февралы № 35

Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш- планын бекитүү жөнүндө

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2022-жыл үчүн иш- планын  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1. Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш- планы алымча кошумчасы менен кабыл алынсын

2. Токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

3. Токтомго жалпы көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Кыргызбаев.

 

 

 Ийри-Суу  айылдык кеңешинин

                                                                                                 VII-чакырылышындагы кезексиз

                                                                                                             VIII - сессиясынын 2022-жылдын 

                                                                                                            01-февралындагы  №  35  токтомуна 

                                                                                                             Тиркеме

 

                  Ийри-Суу айылдык кеңешинин 2022- жыл үчүн түзүлгөн иш –планы.

 

№

Каралуучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

1

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылга бюджеттин бекитүү

Январь

Туруктуу комиссия,

башкы эсепчи

2

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылга чыгашасынын долбоорун бекитүү

I-квартал

Туруктуу комиссия,

башкы эсепчи

 

3

Айылдык Кенешинин 2022- жылга иш планын бекитүү

I-квартал

 Туруктуу комиссия

 

4

Элден түшкөн арыздарды кароо

I-квартал, өз мөөнөтүндө

Туруктуу комиссия

 

5

Айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын иш- планын бекитүү

II-квартал

Айылдык Кенеши

 

6

Айыл өкмөтүнүн иш –планын бекитүү

I-квартал

Айылдык Кенеши

7

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө

 

II-квартал

Айыл башчылар, туруктуу комиссия

8

КБФ жерлеринин ижарага берилишинин абалы жөнүндө

I-IIквартал

 Туруктуу комиссия

 

9

Айыл өкмөтүнүн  алты ай ичинде аткарган иши жана 2022- жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча

III- квартал

Бөлүм башчы

 

 

10

Элден түшкөн арыздарды кароо

 

III- квартал, өз мөөнөтү менен

 Айылдык Кенеши

 

11

ҮБДТ, ФАП, Байланыш  бөлүмүнүн 2022- жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө.

III- квартал

Соц адис, туруктуу комиссия

12

Жайыт комитетинин 2022- жылдагы аткарган иши жөнүндө

III- квартал

Туруктуу комиссия

13

Кышка карата даярдыктар боюнча

IV- квартал

Бөлүм башчы

14

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

IV- квартал

Айыл башчылар, туруктуу комиссия

15

Элден түшкөн арыздарды кароо

IV- квартал, өз мөөнөтү менен

Айылдык Кенеши

16

Участкалык инспектор жана жаш өспрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө

IV- квартал

Аймактык инспектор, туруктуу комиссия

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин  төрагасы

 

А. Кыргызбаев