Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ (V чакырылыш)
2021-жылдын 24-декабры № 23
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы №08-6/1832, 2021-жылдагы жергиликтүү бюджеттен билим берүү тармагына тамак-аш жана башка чыгымдарга каралган акча каражатынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен Ош шаарынын 2021-жылга карата тышкы кредиттерин жоюуга 28 млн. сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 15-декабрындагы отурумунун №10 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2021-жылдагы чыгаша сметасында тамак-аш беренесине жана башка тармактарга каралган чыгашалардан үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен 28 млн. сом акча каражатын Ош шаарынын 2021-жылга карата тышкы кредиттерин жоюуга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын жергиликүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын үнөмдөлгөн бөлүгүнүн эсебинен Ош шаардык кеңешинин курьердик кызматын аткарууга каралган күйүүчү майдын декабрь айына жетпей калгандыгына байланыштуу кошумча 13800 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.«Жамгыр Балдары» коомдук кайрымдуулук фондуна ижара шартында берилген Ош шаарынын Ленин көчөсүнүн №306 дарегиндеги 7 бөлмөлүү муниципалдык имаратты 2022-жыл үчүн ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
4.Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнгөн акча каражаттарды мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылануусун көзөмөлгө алуу жүктөлсүн.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
6.Токтомдун аткарылышын көзомөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С. Назылбеков |