Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ (V чакырылыш)
2021-жылдын 24-декабры № 24
Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 13-декабрындагы №08-13/1426, “Жергиликүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби жөнүндөгү Жобону” бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 15-декабрындагы отурумунун №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1.“Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби жөнүндөгү Жобо” тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ош шаарынын мэриясы (А.Мамбетов) Жобого ылайык үлүштүк каржылоонун негизинде долбоорлорду, иш-чараларды каржылоо боюнча иш алып барсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С. Назылбеков |
Ош шаардык кеңешинин
2021-жылдын 24-декабрындагы
кезектеги VI сессиясынын
№24 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга
үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүү тартиби жөнүндө ЖОБО
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 5-главасынын 28-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8, 16-беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Жобо жергиликтүү бюджеттен долбоорлорду, иш-чараларды аткарууга үлүштүк каржылоо үчүн бөлүнүүчү каражаттарды бөлүүнү жана иштетүүнү иреттейт.
Каржылоо булагы жергиликтүү бюджет болуп эсептелет.
Үлүштүк каржылоо учурдагы жылда жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо үчүн берилген акча каражаттары накталай эмес түрдө бекер жана кайтарылгыс негизде берилет.
Үлүштүк каржылоо үчүн берилүүчү акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алууда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн максаттарына дал келүүчү долбоорлорго жана иш-чараларга артыкчылык берилет.
Үлүштүк каржылоо үчүн берилген акча каражаттары максаттуу иштетилбесе жергиликтүү бюджетке кайтарылып алынат.
Үлүштүк каржылоо - бюджеттик мекемелерге, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, муниципалдык аймактык башкармалыктарга, Ош шаарынын тургундарына, инвестициялык долбоорлорго үлүштүк катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бекер жана кайтарылгыс негизде берилген каражаттар.
Капиталдык чыгымдар - негизги капиталды сатып алууга, курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, негизги каражаттарды капиталдык оңдоп-түзөөгө кетүүчү чыгымдар.
Инвестициялык долбоор (долбоор) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте бекитилген стандарттарга (ченемдерге жана эрежелерге) ылайык иштелип чыккан долбоордун зарыл болгон долбоордук -сметалык документтерин кошкондо, социалдык-экономикалык негиздүүлүгүн, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөө, ошондой эле инвестицияларды өнүктүрүү боюнча практикалык аракеттердин сүрөттөлүшү.
2.Максаты жана милдеттери
Бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун максаты-мамлекеттик жана эл аралык максаттуу программаларга же башка фонддорго берилген долбоорлорду биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Үлүштүк каржылоо жергиликтүү бюджеттен эл аралык финансы институттары, донорлор, өкмөттүк эмес уюмдар жана шаар тургундары тарабынан каржыланган инвестициялык долбоорлорду аткарууга кошумча каржылоо болуп саналат.
Үлүштүк каржылоо үчүн берилген акча каражаттары мамлекеттик, муниципалдык билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, турак жай-коммуналдык чарба, айыл чарба, суу чарба мекемелерин жана ишканаларын, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, таза суу, саркынды суу системаларын, газ түтүктөрүн орнотуу, короолорун көрктөндүрүү, кирүүчү жолдорун оңдоп-түзөө, реконструкциялоо, көмөкчү жана кошумча объектилерди куруу, эмеректерди сатып алуу, шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринде убактылуу тартылган жумушчулардын кызмат акысын төлөп берүү үчүн жумшалат.
3.Жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоо үчүн каражаттарды
кароо жана сунуштоо тартиби
Мекемелер, ишканалар жана муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылоону алуу үчүн арыздар төмөнкү документтердин коштоосунда Ош шаарынын мэриясына берилет:
- инвестициялык долбоор ( сметасы);
- эл аралык финансы институттарынан, донорлордон, өкмөттүк эмес уюмдардан жана башка мекемелерден каражат алуу боюнча кол коюлган келишимдер;
- калктын жана мекемелердин кызматкерлеринин иш жүзүндө катышуусу жөнүндө маалымат (калктан кошулган каражат жөнүндө күбөлүк);
Үлүштүк каржылоо боюнча арыздарды кароо Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясынын буйругу менен бекитилет.
Конкреттүү долбоорго колдоо көрсөтүү чечими Комиссия тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды каржылоонун максималдуу суммасы объекттин жалпы долбоордук жана сметалык наркынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.
Жергиликтүү бюджеттен үлүштук каржылоо ушул токтомдун жана Ош шаардык мэриясынын үлүштүк каржылоону бөлүү боюнча өзүнчө буйругунун негизинде бөлүнөт. Инвестициялык долбоорлорду биргелешип каржылоого бөлүнө турган каражаттардын жалпы суммасы жыл сайын Ош шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилет.
Буга чейин башка булактардан колдоо алган долбоорлор биргелешип каржыланбайт. Бир эле долбоорду колдоого өтүнмөлөрдү берүү фактылары ар кандай даректерге ачыкталган учурда, ал долбоорду колдоодон жана каржылоодон баш тартылат.
4. Үлүштүк каржылоого бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышы
боюнча мониторинг жана отчеттуулук
Ишти көзөмөлдөө жана биргелешип каржылоо алуучулар тарабынан бөлүнгөн каражаттарды (максаттуу) пайдалануунун максаттуулугуна баа берүү Ош шаарынын мэриясына жүктөлгөн.
Үлүштүк каржылоону алуучу долбоорду ишке ашыргандан (аяктагандан) кийин 30 күндүн ичинде акыркы отчетту Ош шаарынын мэриясына тапшырат.
Ош шаарынын мэриясы каалаган убакта каржы алуучудан долбоорду ишке ашырууга байланыштуу кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу.
Каржы алуучунун эсебине бөлүнүп, бирок 2 айдын ичинде колдонулбаган акча каражаттары жергиликтүү бюджетке кайтарылат.
Объекттерде (долбоорлордо) аткарылган иштерди текшерүүдө ушул Жобонун талаптары аткарылбаса, мыйзам бузуулар аныкталса, Ош шаарынын мэриясы өндүрүштү токтотууга, мыйзам бузуучулардан сарпталган чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга жана каражаттарды жергиликтүү бюджетке кайтарууга укуктуу.
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу |
И.Абдыраимов |