Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 24-декабры № 25
Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамын жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 23-ноябрындагы №329/08-6, 2020-жылдын 13-январындагы №14/08-6, 2021-жылдын 3-декабрындагы №08-6/1852 каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-декабрындагы №13 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишиминин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” №213 токтомунун мамлекеттик тилдеги, түрдүү жөндөмөдөгү “жарнак” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү “жарнама” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С. Назылбеков |