Редакцияот 24.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VI СЕССИЯСЫ (V чакырылыш)

 

2021-жылдын 24-декабры № 26

Ош шаарында сырткы жарнаманы бир жылга жайылтууга уруксат берүү  боюнча акы алып кызмат көрсөтүү  бааларынын прейскурантын  бекитүү жөнүндө

Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 104-беренесинин 30-пунктун жана Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 6-декабрындагы “Ош шаарында бир даана сырткы жарнаманы бир жылга жайылтууга уруксат берүү боюнча акы алып кызмат көрсөтүү бааларынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №08-6/1863 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеёешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-декабрындагы №14 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ош шаарында сырткы жарнаманы бир жылга жайылтууга уруксат берүү боюнча акы алып кызмат көрсөтүү бааларынын прейскуранты 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө  кырдаалдар  маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.

 

Ош шаардык кеңешинин төрагасы

С. Назылбеков

 

 Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №26 токтомуна 1-тиркеме

 

Ош шаарында сырткы жарнаманы бир жылга жайылтууга уруксат берүү боюнча акы алып кызмат көрсөтүү бааларынын прейскуранты

 

К№

Сырткы жарнамалардын аталышы

Кызмат көрсөтүү баасы, сом, тый.

1.

Жарнама калканчадагы сырткы жарнама

1456,0

2.

Стелладагы сырткы жарнама

1456,0

3.

Көрсөткүчтөгү сырткы жарнама

1456,0

4.

Айланма түзүлүштөгү сырткы жарнама

1456,0

5.

Жол көрсөткүчүндөгү сырткы жарнама

1456,0

6.

Флагштоктогу сырткы жарнама

970,0

7.

Кронштейндеги (мамычада жана таянычта) жарнама

970,0

8.

Сыртка чыккан курулмалардагы сырткы жарнама (штендерде, чатырчада, бочкада ж.б.)

970,0

9.

Фасаддагы тактайчадагы жарнама

970,0

10.

Чатырдагы курулмалардагы жарнама

1759,0

11.

Имараттардын жана курулмалардын дубалдарындагы 50 чарчы метрге чейинки жарнама

970,0

12.

Имараттардын жана курулмалардын дубалдарындагы 50 чарчы метрден жогорку жарнама

3522,0

13.

Өз таянычындагы тартылмаларга

1759,0

14.

Унаалардагы сырткы жарнамаларга

1759,0

15.

Электрондук мониторлорго жарнамаларды жайгаштырууга

1456,0

 

Ош шаардык кеңешинин аппарат

жетекчисинин милдетин аткаруучу

 

Абдыраимов И.Э.