ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 24-декабры № 27
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылга иш
планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 251-256 пункттарынын негизинде, Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана депутаттык фракциялардын сунуштарын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык кеңешинин 2022-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (С.Маматалиева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С. Назылбеков |
| Тиркеме Ош шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 27 токтомуна тиркеме
|
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылга иш планы
№ | Иш - чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
| Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүнд | 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында экстремисттик-террористтик көз караштагы кыймылдар жана диний агымдар тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер жөнүндө | 1-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарындагы балдар бакчаларынын окуу тарбия иштеринин жана тамак ашынын сапаттуулугу жөнүндө | 1-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлүрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери жөнүндө маалыматтарды угуу | 1-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө | 1-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарынын 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында спортту жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугу жөнүндө | 2-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында инвестиция тартуу, ишкердикти колдоо, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу | 3-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жөнүндө | 3-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында 2022-2023-жылдарга күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө | 3-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарындагы муниципалдык жана жеке базарлардагы ишкерлерге түзүлгөн шарттар жөнүндө | 3-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 4-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 4-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| “Ош шаарында үй-жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу Эрежелерин бекитүү жөнүндө” Ош шаардык Кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы №252 токтомунун аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык элекр энергия сатуу мекемесинин жана “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Ош шаарындагы Аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Практикалык иш чаралар |
|
|
| Ош шаардык Кеңешинин сессияларында жана туруктуу депутаттык комиссияларынын отурумдарында карала турган маселелерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш пландар боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
| Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорду шаардык Кеңештин сайтына жайгаштыруу | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
| Шаардык Кеңештин токтомдорунун, туруктуу депутаттык комиссиялардын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө | Аткаруу мөөнөттөрү боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
| Башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Депутаттык фракциялар, Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
| Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча республикадагы шаардык кеңештер менен тажрыйба алмашуу | Жыл ичинде | Депутаттык фракциялар, Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
| Шаардын бюджети жана шаар үчүн маанилүү деп эсептелген көйгөйлүү маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу | Зарылдыгына жараша | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
| Шайлоочулар менен жолугушуу, шайлоочулардын алдында аткарылган иштер боюнча отчет берүү | Жыл сайын | Депутаттык фракциялар |
| Шаардык Кеңештин сессияларын, туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарын жана башка иш чараларды шаардык Кеңештин сайтына жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгаруу | Ар бир иш чарадан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
| Сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды жалпылоо, аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жөнөтүү жана алардын аткарылышы боюнча маалыматтарды депутаттарга маалымдоо | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
| Шаарда өткөрүлүүчү коомдук, маданий жана спорттук иш чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары Шаардык Кеңештин аппараты |
| Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү | Мыйзам чегинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинин м.а. |
И.Абдыраимов |