КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын
2021-жылдын 17-июну № 3
КОВИД-19 илдети менен күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар тууралуу
КР Министрлер кабинетинин, КР МК Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жанан Кара-суу районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы штабдарынын берген тапшырмаларына ылайык КОВИД-19 илдетинин алдын алуу, калк арасында кескин түрдө таралуусуна жол бербөө, жарандардын ден соолугунун коопсуздугун, аймакта санитардык-эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун камсыз кылуу жана коронавирустун 3-толкунун токтотуу максатында айылдык кенештоктом кылат :
1. КОВИД-19 илдети менен күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн,
атап айтканда;
- 2021-жылдын 23-июнунан баштап айыл өкмөтүнүн аймагында маскада жүрүү режими жарыялансын;
- массалык эс алуучу жайларда иш чараларды, тойлорду жана тажияларды өткөрүүдө катышкан элдин санын азайтуу;
- жергиликтүү тургундардын арасында КОВИД-19 илдетинин коркунучтуулугу жана зыяндуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү;
- түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын мобилдик топторду уюштуруу жана жарандык коомдун активисттерин, аялдар жана жаштар комитеттерин, аксакалдарды тартуу;
- чайхана, тойкана, кафелердин иштөө мөөнөтү - саат 2300 гө, ал эми оюн жана спорт залдарынын иштөө мөөнөтү - саат 2200 нө чейин чектөө киргизүү;
- коомдук тамактануучу жайларда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо жана коргонуу каражаттарын коюу;
- Кашкар-Кыштак айылынын борборундагы башаламан соода жасаган соодагерлерди тартипке келтирүү;
- маршруттук каттамдардын айдоочуларына, таксисттерге режимди катуу сактоо жагын эскертүү;
2. Айыл өкмөтүнө – ушул токтомго ылайык КОВИД-19 илдети менен күрөшүү боюнча иш планын иштеп чыксын.
3. Ушул токтомду иш жүзүнө ашырууда аймактык милиция кызматкерлери мобилдик топторго жакындан жардам беришсин.
4. Токтомдун көчүрмөсү баннер түрүндө чыгарылып, көрүнөө жерлерге илинсин.
5. Тартиптик, санитардык жана маскада жүрүү эрежелерин бузган жарандарга, ишкана-мекемелерге карата мыйзамдын талабына ылайык чаралар колдонулсун.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыёдоо, кеёештин иши, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |