Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын
2021-жылдын 17-июну № 4
Айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын ажыратуу тууралуу
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Абдылдаевдин айыл өкмөттүн имаратын оңдоп-түзөө иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, КР 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүүөзалдынчабашкаруужөнүндөгү”№ 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1 бөлүкчөсүнө ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында айылдык кенеш токтом кылат :
1.Айыл өкмөтүнүн имараты эскилиги жетип, капиталдык оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн сметага ылайык акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нө (Рахматов Р) – оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоо булагын издеп тапсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына
жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |