Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын
2021-жылдын 17-июну № 5
Айылдык кеңештин материалдык-техникалык базасын чыңдоо тууралуу
Депутаттар айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. Юсупбекованын айылдык кенештин ишин жүргүзүү, жаңы технологияларды колдонуу менен айылдык кенештин материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн жергилдиктүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, КР 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1 бөлүкчөсүнө ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунунөкүлчүлүктүү органынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Айылдык кеңештин ишин санариптештирүү жана жаны технологияларды колдонуу үчүн эмеректерди, компьютер жана оргтехника сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нө (Рахматов Р) – эмеректерди, компьютер жана оргтехника сатып алуу үчүн каржылоо булагын издеп тапсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына
жүктөлсүн.
Төрага | З.Г.Нурдинов |