Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын
2021-жылдын 17-июну № 7
Турак жай куруу үчүн жер тилкесин ажыратуу боюнча комиссиясынын курамын кайрадан түзүү тууралуу
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин айыл өкмөтүнүн башчысы, депутаттар жана башка адистер алмашкандыгына байланыштуу комиссиянын курамын кайрадан түзүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-, 3- жана 17-бөлүкчөлөрүнүн,КРӨ “Жер участокторун жеке турак жай курууга берүүнүн тартиби жөнүндөгү” 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде айылдык кенеш токтом кылат :
1. Жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет
2. Комиссия мүчөлөрүнө – өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу менен ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |
| Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 3 сессиясынын № 7 токтомуна тиркеме |
Жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясынын курамы
1. Абдылдаев М. М. – комиссиянын төрагасы, айыл өкмөт башч ысынын орун басары,
2. Топчубаева С. – комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
3. Динбаев А. К. – комисссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жер адиси,
4. Тажибаев А. П. – комисс. мүчөсү, райархитект өкүлү (макулдашуу менен)
5. Маккамбаев Ч. – комиссиянын мүчөсү, райондук кадастр мекеме. өкүлү
6. Токтоназарова Л.Ж.– комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
7. Маматалиева А. С. -комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
8. Ибрагимов П - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
9. Умарова Р - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
10. Салиев Х - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
11. Айыл башчылар (тийешелүү айылдары боюнча маселе каралганда добуш берүү укугу менен) - мүчөлөрү
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы : |
М. Маматалиев |