Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июну № 10

Алгабас айылынын элдик жыйынынын протоколун бекитүү тууралуу

 

    Депутаттар  айылдык кенештин депутаты Алайчиева Асельдин Алгабас айылына “Сүттү булак”деген айылына статус берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин,  КРӨ  “КР администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана КРӨ алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде  айылдык кеңеш токтом кылат :

 

   1. Алгабас айылынын жамаатынын суроо талабы канааттандырылып, жамааттын 2021-жылдын 14-июнундагы элдик жыйынынын Алгабас айылына“Сүттүү булак” статус берүү жөнүндөгү протоколу бекитилсин.

   2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик

администрациясынан суралсын.

   3. Айыл өкмөтүнө – Алгабас айылынын өлчөмдөрү, администрациялык борбо- ру, кайра аталышы, калкынын саны, социалдык обьекттердин саны жөнүндө маа- лыматтарды даярдоо жана райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү иштери тапшырылсын.

   4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылыш- ты коргоо комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.

 

Кашкар-Кыштак сельсоветине  караштуу “Сүттүү булак” айылынын

М Ү Н Ө З Д Ө М Ө С Ү

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун архивдик маалыматтарына ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашгар-Кышлак айыл кенешинин Сут-Булак айылы биринчи жолу “Кыргыз ССР. Адмиинистративдик-территориялык бөлүүнүш. 1964-жылдын 1-январына карата” (Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун жетинчи басылышы, Кыргызстан мамлекеттик басмасы, Фрунзе-64), ошондой эле “Кыргыз ССРи. Административдик-территориялык бөлүнүш 1965-жылдын 1-сентябрына карата” (Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун сегизинчи басылышы, “кыргызстан” басмасы, Фрунзе-1966) маалымдамасында келтирилген:

Кара-Суу району, Кашгар-Кыштак сельсовети, Бекжар, Жаздоо, Кашгар-Кыштак,  Кенжекул, Муунак, Сут-Булак (туурасы Сүттүү-Булак), Эрке-Сары айылдары бар.

 

   Андан кийинки басылып чыккан “Кыргыз ССРи. Адимнистративдик-территория лык бөлүнүш” маалымдамасында Алгабас айылы деп келтирилген. (“Кыргыз ССРи.

Адимнистративдик-территориялык бөлүнүш 1976-жылдын 1-январына карата” (Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун басылышы. Фрунзе-1976) Ошентип андан кийинки 1980-,1984-, 1987-,1993-жылдардын маалымдамаларында Алгабас айылы, 2018-жылдын 1-январына карата да Алгабас айылы  деп турат.

 

   Тилекке каршы КР Улутстаткому 1965-1976 жылдар аралыгында Сүттүү-Булак айылынын Алгабас айылынын аталышына которулгандыгын тастыктоочу  ченем- дик укуктук актылардын жок экендигин билдирген.