Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июну № 11

ЖДПБунун Кашкар-Кыштак айылдык филиалынын жаңы имаратын куруу тууралуу

 

Депутаттар  айылдык кенештин  төрагасы З. Нурдиновдун Кашкар-Кыштак айылындагы эски поликлиниканын жетекчисинин поликлиниканын жаны има- ратын куруу жөнүндөгү кайрылуусу тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жыл дын 15-июлундагы № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1- жана 3-бөлүкчөлөрүнүн, негизинде  айылдык кеңеш токтом кылат :

 

1.Кара-Суу райондук Жалпы дарылоо практикалык борборунун Кашкар-Кыштак айылдык филиалынын жаёы имаратын курууга макулдук берилсин.

 

2. Айыл өкмөтүнө – жаңы имараттын курулушунун уруксат берүүчү иш кагаз-дарын, техникалык-экономикалык негиздерин (ТЭО), сметасын ж.б. тиешелүү документтерин даярдоо тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кый- мылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.