КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын
2021-жылдын 17-июлу № 1
Айыл аймагында мектепке чейинки билим берүү мекмелеринин (балдар бакчаларынын) жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Юсупбекова Гулзаданын туруктуу комиссия балдар бакчаларынын жүргүзгөн иштерин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Айылдык кеңешинин Социалдык-маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 10-июлундагы жыйынынын протоколу бекитилсин жана айыл аймагындагы балдар бакчаларынын жүргүзгөн иштери талапка жооп бербегендиги белгиленсин.
2. Бардык балдар бакчаларынын башчыларына - протоколдо көрсөтүлгөн кемчилдиктерди 2021-жылдын аягына чейин жоюу милдеттендирилсин жана көрсөтүлгөн кемчилдиктер өз мөөнөтүндө аткарылбаса бакча башчыларынын кызмат ордуна ылайык келбегендиги жөнүндө маселе сессияда каралсын.
3. Ата-энелик мүчөлүк акысы айылдык кенештин мурунку токтомунда көрсөтүлгөн суммадан – 750 (Жети жүз элүү) сомдон ашырбоо жагы бакчалардын жетекчилерине катуу эскертилсин, эскертүү бузулган учурда жетекчилерге карата аракеттеги мыйзамдарга ылайык катуу чара (жумуштан четтетүгө чейин) көрүлсүн.
4. Жаш жеткинчектерди тарбиялоодо замандын талабына ылайык жаңы методикаларды колдонуу менен окутуу процессине катуу басым жасалсын.
5. Бакчалардын айлана-чөйрөсүн таза кармоо, жашылдандыруу-көрктөндүрүү, иштерине көңүл буруу бакча башчыларынын башкы милдети деп эсептелсин.
6. Санитардык абалды жакшыртуу, гигиеналык нормаларды күчөтүү, КОВИД-19 илдетин алдын алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалсын.
7. Бардык бакчаларда 2021-2022-күз-кыш мезгилине карата бакчалардын от казандарын иштетүү, катуу отун менен камсыз кылуу, имараттарын оңдо-түзөө жана тиешелүү шарттарды түзүп берүү;
- бакчаларды тамак-аш менен камсыз кылган “Геркулес” ЖЧКму менен түзүлгөн келишимди тез арада кайрадан карап чыгуу, продукцияларды өз мөөнөтүндө жеткирүү талабын коюу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |