Редакцияот 17.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июлу № 9

COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн вакцинаны пайдалануу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү

 

Депутаттар айылдык кенештин төрагасы З. Нурдиновдун COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн “Вело селл” кампаниясы тарабынан вакцина келгендиги, ошондуктан вакцинаны пайдалануу үчүн калк арасында күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги, бул иш чарага айыл өкмөтүнүн адистери, депутаттар, айыл башчылар жана жарандык активистер массалык түрдө катышуусу зарыл экендиги жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, айыл аймагынын калкынын ден-соолугуна кам көрүү жана алардын коопсуздугун сактоо максатында айылдык кеңеш токтом кылат :

 

1. COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн вакцинаны пайдалануу үчүн калк арасында күчөтүлгөн тартипте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана бул иш чарага айыл өкмөтүнүн адистерин, депутаттарды, айыл башчыларды жана жарандык активистерди тартуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Социалдык, маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынажүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы

 

Нурдинов З.