Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы

 

2021-жылдын 27-августу № 2

Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жана салык төлөмдөрү жөнүндө

 

Айылдык кеңештин бюджет,экономика,инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 16-августагы протоколунун жана депутаттардын кошумчасын сунуштарын угуп,талкуулап айылдык кенеш

Токтом кылат:

1. Айылаймагындагыжайыткомитетин 2021-жылдын сегиз ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматында жетишилген ийгиликтер менен айрым кетирилген кемчилдиктери менен эске алышсын.

2. Кара-Суу айонунун Ош-Гүлчө жолунун боюнда жайгашкан Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Чыйырчык участкасындагы 825,6 га жайыт жер маселесин «Кадастр» Мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Ош-Токой чарбасынын ортосундагы талаш-тартыш маселесин аягына чыгаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Жайыт комитетинин 2021-жылга берилген план-тапшырманы жыл аягына чейин аткарууну камсыз кылуу жагы Жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Алыскы жана жакынкы жайыттарды сарамжалдуу, туура пайдаланууга жетишилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы атайын туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов.