Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 3
Айыл аймагындагы маданият үйлөрүнүн аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин Социалдык Маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты , спорт, илим саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияны 20.08.2021-жыл күнү өткөн отурумдагы маалыматтарды жана протоколундагы депутаттар тарабынан жана айтылган сын-сунуштарды аткаруу максатында
Токтом кылат:
1. Айылдык маданият үйлөрүнүн кызматкерлери маданий массалык иштерди жогорку денгээлде уюштурууга калкты маданий массалык денгелин көтөрүү максатында 2021-жылды жогорку денгээлде уюшкандыкта аткаруу айылдардагы жаштарды бүгүнкү күндүн талабына ылайыктуу ,ыймандуулукка,адептүүлүккө тарбиялоодо ошондой эле маданият үйлөрүндө календардык даталуу күндөрдү атайын иш чаранын негизинде иш аракеттер жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы маданият үйлөрүндө мындан ары да элдерди маданий массалык иштерди жакшы жолго коюп ийримдерди уюштуруп концерттик программаларды берүүдө ,улуттук кийимдердин жана улуттук аспаптардын ,апаратуралардын жоктугунан көйгөйлөр жаралып аны айыл өкмөтү менен биргеликте чечип иш алып баруу жагы маданият үйлөрүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
3. Маданият үйлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүдө айыл өкмөтүнө берилген сунуштары эске алынып,2022-жылга жергиликтүү бюджетти кароодо сунуштарды карап чыгуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |