Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 4
Коомчулуктардагы айылдардын Инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) Уставын бекитүү жөнүндө
Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы элдик жыйында талкууланып, жалпы элдик жыйында талкууланып, жалпы элдин пикирин эске алуу менен кабыл алынгандыгын жана ушул уставды сессияда бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап КР нын 2011-жылдын 15-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү №101 мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Кашкар-Кыштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассосациясы (ИАСС)Уставы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин мыйзамдуулук ,укук,мандат,тартипти чындоо,кенештин иши ,депутаттык этика,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Тойчубеков Темирбекке милдеттендирилсин.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
З.Г.Нурдинов |
| Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 27-августундагы V-сессиясынын № 4-токтому менен БЕКИТИЛДИ |
Ош областынын
Кара-Суу районунун
Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын
УСТАВЫ
Кашкар-Кыштак айылы - 2021-ж.
(калктуу конуштун аталышы)
I.Жалпы жоболор
1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Ош областынын, Кара-Суу районунун, Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясы»;
- расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация сел сообщества» Кашкар-Кыштакского айыльного аймака Кара-Суйского района Ошской области.
2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын КАИА;
- расмий тилде: ИАСС Кашкар-Кыштакскогоайыльного аймака.
3. Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын «Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын» (мындан ары КАИА) юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Кара-Суу району, Кашкар-Кыштакайылы, Кара-Суу көчөсү №___.
4. КАИА өз ишмердүүлүгүнКашкар-Кыштакайылдык аймагында жүргүзөт.
5. КАИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
6. КАИАнын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле КАИАнын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
7. КАИАюридикалык жак катары түзүлбөгөн, коомдук уюм болуп саналат. КАИА өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, делегаттардын Конференциясынын/Жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде айылдык кеӊеште катталат.
II. КАИАнынмаксаттары жана иш-милдеттери.
8. КАИАнын түзүлүү максаттары:
- социалдыкэкономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
- калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
9. КАИАнын иш-милдеттери:
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктайт;
- Жергиликтүү коомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын, жылдык жана орто мөөнөттүү өнүгүү пландарын жана жаштардын өнүгүү планын иштеп чыгуу;
- КАИАтин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартуу;
- Өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоо;
- Айылдык кеӊештин жергиликтүү маселелерди талкуулоосуна катышууга;
- Делегаттардын Конференциясынын/Жалпы чогулуштун жана айылдык чогулуштардын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу.
10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзө алат.
III. КАИАнынукуктары жана жоопкерчилиги.
11. Тиешелүүжергиликтүү кеӊеш жана аткаруучу органы, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
12. КАИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга;
13. КАИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ;
- КАИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар КАИАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
14. КАИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
IV.КАИАнын башкаруу органдары.
15. КАИАнын башкаруу органдары:
- Жогоркуорган– делегаттардын Конференциясы/Жалпы чогулушу;
- Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
- Көзөмөлдөөчү орган - ревизиондук комиссиясы.
V. КАИАнын мүчөлөрү жанаалардын укуктары.
16. КАИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, КАИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам КАИАнын мүчөсү болот;
17. КАИАнын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
18. КАИА мүчөлөрү добуш берүү укугу менен КАИАтин делегаттарынын Конференциясына/Жалпы чогулушка катышууга укуктуу;
19. КАИА мүчөлөрү КАИАтин бардык отурумдарынын жана жыйналыштарынын протоколдору менен таанышууга укуктуу жана КАИАтин бардык жыйналыштарына жана КАИАтин айрым маселелери боюнча коомдук угууларга катышууга, ошондой эле КАИАтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
20. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткаруу.
VI. КАИАнынделегаттарынын Конференциясы, мүчөлөрүнүн Жалпы чогулушу.
21. Делегаттардын Конференциясы (мындан ары Конференция) / Жалпы чогулуш жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция/ Жалпы чогулуш КАИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
22. Кезексиз Конференция/Жалпы чогулуш КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же ревизиондук комиссиянын өтүнүчү боюнча же КАИАнын мγчѳлѳрγнγн 25 %нын демилгеси менен чакырылат;
23. Конференцияны/Жалпы чогулушту өткөрүү үчүн шайланган делегаттардын кеминде 2/3 катышкан учурда кворум бар деп эсептелинет. Кворум жок болгон учурда, КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын/Жалпы чогулуштун жаңы датасын жана ордун белгилейт;
24. Бардык Конференциялар/Жалпы чогулуштар алдын ала даярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
25. Он сегиз жашка толгон жана айылда туруктуу жашаган бардык жарандар Конференцияга/Жалпы чогулушкажана шайлоого катышууга укуктуу;
26. КАИАнын аймагында жашабаган, кыймылсыз мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке тийиштүү салыктарды төлөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Конференцияга/Жалпы чогулушка кеӊеш берүү укугу менен (добуш берүү укугу жок) катыша алышат;
27. КАИАнын аймагына кирген ар бир айылдын жыйынында Конференцияга делегаттар шайланат, анын ичинен КАИАнын аткаруу комитетине 3 талапкерлер дайындалат;
28. Биринчи Конференцияны/Жалпы чогулушту делегаттардын ичинен эң улуу адамалып барат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын /Жалпы чогулуштун төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары, Конференция /Жалпы чогулуш жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жана андан кийинки бардык Конференциялар/Жалпы чогулуштар улантылат;
29. Биринчи Конференциянын/Жалпы чогулуштун күн тартибине КАИАнын уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана КАИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
30. Чечимдер Конференциянын/Жалпы чогулштункатышуучуларынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
VII. КАИАнын делегаттарынын Конференциясынын Жалпы чогулуштун компетенциясы.
31. Конференциянын Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- КАИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КАИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- КАИАнынаткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- КАИАнын долбоорлорун бекитүү;
- Жылдык отчетту бекитүү;
- КАИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- КАИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.
VIII. КАИАнын аткаруу комитети.
32. Аткаруу комитет КАИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын/Жалпы чогулуштардын ортосундагы аралыкта КАИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын/Жалпы чогуштун компетенциясынан тышкары, аткаруучу орган КАИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
33. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференцияда ар бир айылдан келген талапкерлердин/Жалпы чогулуштун катышуучуларынын арасынан шайланат;
34. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция/Жалпы чогулуш тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
35. Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
- КАИАнын чогулуштарынжана Конференцияларын/Жалпы чогулуштарынуюштуруу;
- Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын иштеп чыгууга катышуу;
- Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана жаштарды өнүктүрүү планын бекитүүгө катышуу;
- Донорлорго климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен чакандолбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
- Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
- Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө;
- Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
- Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- КАИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын жана жаш бухгалтерлердин дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
36. Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга/Жалпы чогулушка отчет берет;
37. Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
38. Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу жыйыны Конференциядан кийин өткөрүлөт. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда Аткаруу комитетинин төрагасы, анын орун басары жана катчысы шайланат;
39. Аткаруу комитетинин төрагасы жана орун басары бир жылга шайланат.
40. Аткаруу комитетинин кийинки жыйындары 7 (жети) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз жыйналыштар КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасынын демилгеси менен же аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
41. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн жыйында мүчөлөрдүн 2/3 катышса, компетенттүү деп эсептелет. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму (жетишсиз катышуусу) жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
42. Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен.Добуштар бирдей болгон учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат;
43. Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- КАИАнын уставына кол коет;
- Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
- Аткаруу комитетинин жыйындарын өткөрүү;
- Конференциянын/Жалпы чогулуштун жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- Конференцияда/Жалпы чогулушта өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берет;
- КАИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
- Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
44. Эгерде КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы өзүнүн иш-милдеттерин аткара албай калган учурда, аткаруу комитетинин жаңы төрагасы шайланганга чейин төраганын милдеттерин төраганын орун басары аткарат;
45. Аткаруу комитетинин мүчөсүнун иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын/Жалпы чогулуштун көпчүлүк добушу менен чакырылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Бул учурга, анын жарандык милдетине кайдыгерлик кылгандыгы же аткаруу комитетинин мүчөсү катары өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болот. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда/Жалпы чогулушта өткөрүлөт. 45. Аткаруу комитетинин мүчөсүнүн иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын/Жалпы чогулуштун делегаттарынын көпчүлүк добушу менен чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Бул учурга, анын жарандык милдетине кайдыгерлик кылгандыгы же аткаруу комитетинин мүчөсү катары өз милдеттерин аткарбагандыгы себеп болот. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсү ушул Конференцияда бекитилет.
IX. Ревизиондук комиссия.
46. Ревизиондуккомиссия КАИАнынКонференциясында/Жалпы чогулушунда бир жылдык мѳѳнѳткѳ КАИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Ревизиондук комиссиясы ѳз ишин акысыз тγрдѳ аткарат;
47. Ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү КАИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
48. Ревизиондук комиссиясы башкарууну белгиленген тартипте жүрүшүн көзөмөлдөйт. Жыл аягында ревизиондук комиссиясы отчетун берет жана ал отчет Конференция/Жалпы чогулуш тарабынан бекитилет;
49. КАИАнын бардык кызмат адамдары ревизиондук комиссиянын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
50. Конференциянын делегаттарынын/Жалпы чогулуштун катышуучуларынын төрттөн биринин талабы боюнча Ревизиондук комиссиянын мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн;
51. Ревизиондук комиссиянын төрагасы ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан анын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
Х. КАИАны жоюу жана реорганизациялоо.
52. КАИА ѳз ишин токтотуу КАИАны реорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин каралаган тартипте жγргγзγлѳт.
_________________________ АА
КАИАнын аткаруу комитетинин
Төрагасы _______________ /______________________________/
(колу) (аты-жөнү)