КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 5
Кашкар-Кыштак айыл аймагынын жүргүнчүлөрүн тейлеген №150, №151-каттамдардын жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдык кенештин өнөр жай,комуналдык чарба, транспорт, соода базар энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 18.08.2021 - жыл күнкү №150, №151 маршруттук каттамдардын айдоочулары нын күйүүчү майлардын автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу жол акы тарифтерин көтөрүп берүү боюнча сураныч катын карап чыгып айылдык кенештин депутаттарынын талкуусун угуп айылдык кеңеши
Токтом кылат;
1. Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Кенжекул-Ош каттамын дагы №150 маршруттук каттамдар үчүн Кенжекул айылынан-Ош облустук оруканасына чейин 15(он беш)сом Кенжекул-Кызыл мехнат, Кашкар-Кыштак айылындагы опытное поле участкалары үчүн 10(он) сомдон жол акы тарифи бекитилсин.
2. Кызыл мехнат-Ош каттамындагы №151 маршрут каттамы үчүн Кызыл мехнат, МТФ, Кашкар-Кыштак опытное поле участкалары на чейин 10(он) сомдон, Кызыл мехнат-Ош шаарынын черемушкага чейин 15(он беш) сомдон жол акы тарифи бекитилсин. Кызыл-мехнаттан МТФ участкасына жүргүнчүлөрдү ар дайым тейлөө №151 маршруттук каттамдарынын айдоочуларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогорудагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы: |
З.Г.Нурдинов |