Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) V-сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 6
Кашкар-Кыштак айылынын жарандарынын короолоруна таза суу эсептегичтерди орнотуу жөнүндө
Айылдык кеңештин өнөр жай,комуналдык чарба, транспорт, соода базар, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын 18.08.2021-жыл күнү айылдарда элдерди таза суу менен сарамжалдуу пайдалануу боюнча Кашкар-Кыштак айылынын жарандарынын короолоруна таза суу эсептегичтерди орнотуу жөнүндөгү сунушту айылдык Кенештин депутаттары карап талкуулап, айылдык кеңеш
Токтом кылат:
1. Кашкар-Кыштак айылынын элдерин таза суу менен сарамжал дуу камсыз кылуу үчүн жарандардын короолоруна өз эсептеринен таза суу эсептегичтерди орнотууга макулдук берилсин.
2. Кашкар-Кыштак айылындагы «Хает-бахш» ИСКАКБсынын тийешелүү иш кагаздарын даярдап иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |