КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) VII-сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 1
Элдердин мамлекеттик фонд жерлеринин пайдалануучулар менен, алардын ижара акыларын өз убагында төлөө жана эгилген эгиндердин түрлөрүнүн жалпы абалы жөнүндө
Айыл өкмөтүндө 2021-жыл үчүн эсептелген кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы, жер салыгы жана соцфондун аткарылышы жөнүндө анализди, жалпы талаачылык иштеринин абалын айылдык кеңештин депуттары карап талкуулап чыгып, айылдык кеңеш
Токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүндө мамлекеттик фонд ижара акысы 2021-жылдын 8-айында 1436,2, жер салыгы – 272,4, соцфонд – 144,4 бардыгы – 1853,0 сомго аткарылгандыгы эске алынсын жана калган план тапшырмаларды жыл аягына чейин аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. 2021-айыл чарба жылында жазгы талаачылык иштеринде эгилген эгиндердин абалы негизинен канааттандыраарлык деп эсептелсин жана эгиндердин бардык түрлөрүнөн агротехникалык эрежелердин негизинде асырап план тапшырмаларды аткарууга жетишилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин тийешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
З.Г.Нурдинов |