Редакцияот 23.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 23-октябры № 2

Кашкар-Кыштак айылын Коттон-Текстил ишканасынын арызы жөнүндө

 

 Депутаттар жеке ишкер Газиев Улугбек Кочкаровичтен Кашкар-Кыштак айылынын «Ош-Кара-Суу» унаа жолунунун чыгыш тарабынан 4,10 (Торт га 10 сотых) га жер аянтына индустриалдык-логистикалык борбор өнөр жай обьекттери менен курууга уруксат сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыккандан кийин, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, жумушчу орундарын түзүү жана калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесинин 3-пунктуна жана 29-беренесинин 6-пунктуна, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө оторууга (трансформациялоого) мораторийкиргизүүжөнүндөгү» мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна ылайык айылдык кенеш токтом кылат :

 

 1.Кашкар-Кыштак айылынын тургуну жеке ишкер Газиев Улугбек Кочкаровичтин 4 (Торт га10 сотых) га жер аянтына индустриалдык-логистикалык борбор өнөр жай обьекттери менен куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат сурап жазган арызы канааттандырылсын.

 2. Кашкар-Кыштак айылынын «Ош-Кара-Суу» унаа жолунунун чыгыш тарабындагы 219-контурда жайгашкан 4(Торт га 10 сотых) га жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов