Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

2021-жылдын 4-декабры № 1

Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде 2021-2022-окуу жылында окуучуларга билим берүү системаларынын жаны методикалык принциптер менен патриоттук духта тарбиялоо боюнча алып барылып жаткан иштери жана 2021-2022 күз-кыш мезгилине карата жалпы жылытуу системаларынын абалы аларды катуу отун (көмүр) менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук,жаштар жана аялдар саясаты, спорт,илим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияны 03.12.2021-жылдагы отурумду карап атайын текшерүүсүнүн жыйынтыгы айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан талкуулап чыгып,айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат.

 1.Айыл аймагында жайгашкан мектептерде жана мектепке чейинки мекемелерде 2021-2022 окуу жылынын сентябрь, октябрь, ноябрь айларында окуучуларга жана балдар бакчаларында билим берүү системаларында жүргүзүп жаткан иштеринде айрым кемчилдиктери кетирилгендиктери эске алынсын.

 2.Кетирилген кемчилдиктерди 2022-жылдын февраль айына чейин четтетүү жагы бардык мектептердин директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына тапшырылсын.

 3.2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилине карата жылытуу системаларында талапка толук жооп бербеген мектептердин А.Эшматов орто мектебинин от казанын капиталдык ремонттон чыгаруу, калган мектептердин от казандарынын айланасын тосуу жана “Нуртилек” балдар бакчасынын жылытуу боюнча жана бардык мектептердин, балдар бакчаларын кайрадан карап чыгуу 2021-жылдын декабрь айы ичи карап кемчилдиктерди четтетүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жогорудагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов