Редакцияот 04.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз (жетинчи чакырылыштагы) VIII-сессиясы

 

2021-жылдын 4-декабры № 5

Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Жарооз, Кайрагач участкаларынан кайракы жайыт жерлеринен турак жай салуу үчүн жер тилкелерин ажыратып, трансформациялоого сунуш берүү жөнүндө

 Айылдык кеңештин депутаттары күн тартибине коюлган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин Кашкар-Кыштак айыл аймагында жашаган айылдарда калктын саны өсүп,жарандардан турак жай салуу үчүн жер тилекелерин алууга муктаж болгон жаштардын арыздары жылдан жылга өсүп жаткандыгына байланыштуу алардын муктаждыктарын канаттандырууга айыл аймагынын Жарооз,Кайрагач участкаларынын Кайракы,жайыт жерлеринен турак жай салуу үчүн жер тилкелерин ажыратып трансформациялоо боюнча сунушун 03.12.2021-жыл күнү атайын туруктуу комиссиясында каралгандыгы эске алып,сунушту канааттандыруу максатында айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат.

 

 1. Кашкар-Кыштак айыл аймагында жашаган айылдардын калкынын өсүп,турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алууга муктаж болгон жарандар үчүн айыл аймагынын Жарооз,Кайрагач айылдарынын кайракы жайыт жерлерине турак жай салуу үчүн жер тилкелерин мыйзам чегинде ажыратып трансформациялоого макулдук берилсин.

 2. Жер тилкелерин трансформациялоо боюнча атайын мыйзамдадын негизинде иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,курулуш,турак жай жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашкар-Кыштак

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

З.Г.Нурдинов